Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

А. Айтматов Орусияда иш сапары менен болду


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун Орусияга болгон иш сапары аяктады. Сапар учурунда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин ортосундагы 2005-жылдагы кызматташуу Программасына кол коюлду. Аскар Айтматов Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров , Коопсуздук кеңешинин катчысы Игорь Иванов, Мамлекеттик Думанын КМШ өлкөлөрүнүн иштери боюнча Комитетинин төрагасы Андрей Кокошин жана башка ырасмий адамдар менен жолугушту. Жолугушуулардын биринде Аскар Айтматов Украинада 2004-жылдын аягында болгон саргыч түстөгү ынкылаптын Кыргызстанда да болушуна эч кандай себептер жок деген пикирин билдирди. Кыргызстандын тышкы иштер министри менен болгон жолугушуусунан кийин, Министр Сергей Лавров Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгүндө оппозицияга каршы жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча далилдер жок деген пикирин айрым орус басылмаларына билдирди. Ал эми Кыргызстандагы оппозициянын өкүлдөрү Орусия бийлиги ырасмий адамдардан алынган бир жактуу маалыматтын негизинде талдап атат деген пикирде.

XS
SM
MD
LG