Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:06

Ыссыккөл губернатору шайлоо жараянына кийлигишүүдө


БИШКЕК. Ыссыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева №72 Каракол шайлоо округунда депутаттыкка ат салышып жаткан талапкер Бурулсун Рыскулованы чакырып, аталган округдан шайлоого катышып жаткан «Алга-Кыргызстан» партиясынын өкүлү Догдургүл Кендирбаеванын кызыкчылыгына өз талапкердигин алып салууну орой түрдө талап кылган. Шайлиеванын андай талабын Бурулсун Рыскулова үн жазуучу аппаратка билдирбей жаздырып алган. Буга байланыштуу 13-январда “Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдарынын коалициясы массалык маалымат каражаттарына билдирүү таратты. Билдирүүдө Токон Шайлиеваны мындай мыйзамсыз аракети үчүн кызматтан алуу өтүнүчү менен жакынкы күндөрү мамлекет башчысына кайрылуу жолдоно тургандыгы маалымдалган. Бул билдирүүдө Токон Шайлиева буга чейин да далай жолу жарандык коом өкүлдөрүнүн аракетине ар түрдүү тоскоолдук жасап келгендиги эскертилген. Атуулдук коом өкүлдөрү эгерде мамлекет башчы Аскар Акаев шайлоону адилет өткөрүү керек деген убадасына турса, Шайлиеваны кызматтан алышы керек деп санашат. Ушул эле күнү Токон Шайлиева «Азаттыкка» жогорудагыдай маалымат жалган деп кабарлады.

XS
SM
MD
LG