Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:10

Кыргыз оппозиция өкүлү Москвада жүрөт


БИШКЕК. «Парламенттик шайлоодо аткаруу бийлиги кандайдыр бир мыйзам бузууларга бара турган болсо, Украина менен Грузиядагы саясий окуялар Кыргызстанда да кайталанышы ыктымал». Мындай пикирин учурда Масквада жүргөн «Атажурт» кыймылынын тең төрайымы Роза Отунбаева орус коомчулугу менен жолугушуу учурунда билдирди. Бул тууралуу Орусиядагы «Коммерсантъ» газетасы жазып чыкты. Отунбаеванын пикиринде, кыргыз оппозициясы радикал же экстремисттик кыймыл эмес. Эгерде парламенттик шайлоодо мыйзам бузуулар орун ала турган болсо, карапайым эл өздөрүнүн конституциялык укуктарын коргоп калуу үчүн көчөгө чыгышы толук ыктымал. «Атажурт» кыймылынын атын атагысы келбеген лидерлеринин бири «Азаттыкка» билдиргенге караганда, Роза Отунбаева Орусияга аталган өлкөнүн таасирдүү саясатчыларынын чакыруусу менен өткөн аптада иш сапары менен кеткен.

XS
SM
MD
LG