Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ӨЛҮК ЧАТАГЫ, КАЗАКТАР СОТКО БЕРГЕН ЖИРИНОВСКИЙ ЖАНА МУНАЙГА БАЙ КИРКУК


Аким Өзгөн, Стамбул Соңку аптада Батыш басылмаларында Кыргызстандагы өлүк соодасы, “саргылжын ыңкылап” сарсанаасы, Казакстан-Жириновский жаңжалы тууралуу макалалар алдыңкы орунга чыкты.

Лондондо жекшемби сайын чыгуучу Sunday Times гезитинин ишембилик санында Кыргызстанда өлүктөрдү мыйзамсыз пайдалануу жана сатуу чуулганы тууралуу көлөмдүү макала жарыяланды. Анда Чымкоргондогу психиатриялык ооруканада 5 жыл мурда каза тапкан Дмитрий Герасименконун тирүү кезинде жана өлгөндөн кийин тарткан азап-тозогу сүрөттөлгөн.

Sunday Times жазганга караганда, Чымкоргондогу оорукана Герасименконун денесин апасына берүүдөн баш тарткан. Бул ооруканада 15 жыл бою ачкачылыктын жана ур- токмоктун азабын жеген Герсименконун денеси түрмөлөрдөн жана ооруканалардан алынып келген жүздөгөн адамдардын денеси менен бирге Кыргыз Медициналык Академиясы тарабынан германиялык анатомист профессор Гүнтер фон Хагенске (Günter von Hagens) мыйзамсыз түрдө сатылган. Sunday Times гезитиндеги бул макаланын автору Марк Франчхетти Кыргызстанда жүргүзгөн изилдөөлөрүнө жана Герасименконун апасы Раисанын айткандарына тайанган.

Түркияда чыгуучу Йени Чаг (Yeni Cag) гезитинин жума күнкү санында “Кыргызстандын тагдыры Украинаныкына окшойбу?” деген макала жарыяланып, анда Грузия жана Украинада соккон Жорж Сорос ызгаары жакын арада Кыргызстанда да сого баштоосу ажеп эмес деген пикир билдирилет.

Макаланын автору постсоветтик жумуруяттарда болгон жана болушу ыктымал сыяктанган “саргылт ыңкылаптарды” Сорос кору тарабынан сахнага коюлган “жөөт ыңкылаптары” катары сүрөттөйт.

Автор андан ары Кыргызстандагы бегилүү саясатчылар Курманбек Бакиев, Амангелди Муралиев, Өмүрбек Текебаев, Эмил Алийев жана экс-тышкы иштер министр Муратбек Иманалиевдин былтыр АКШда болуп, америкалык жооптуу чөйрөлөр менен Кыргызстандагы ыктымал бийлик алмашуу тууралуу баарлашкандыгын ырастайт.

Washington Times гезитинин жума күнкү санында, Казакстандын сотунун Казакстандын демократиялык тандоо партиясына тыйуу салуу жөнүндөгү токтому талкууга алынган. Партиянын убактылуу төрагасы Асылбек Кожакметовдун “партияны жаңы бир ысым менен кайра курабыз” деп айткан сөзү берилген.

Аталган партия Казакстандагы экономикалык бузукулуктарды өзгөчө “Казакгэйт” чуулганын такай көөлөп келгени белгиленип, “Казакгэйт” окуясы тууралуу кең кесири маалыматтар берилет.

Лондондо чыгуучу Independent бейшембидеги санында орус саясатчы Владимир Жириновскийдин Казакстандын бийлиги тарабынан сынга алынышы жөнүндө кеңири макала орун алды. Казакстандын Башкы прокурору Рашид Тусупбеков "казак калкынын ар-намысына доо кетиргендиги үчүн" Владимир Жириновскийди сот жообуна тартууну талап кылып орусиялык кесиптешине жазган каты тууралуу маалымдалат.

“Тарыхта казак тили же казак калкы деген болуп көргөн эмес. Алардын дегеле тарыхы же жазуусу да болгон жок” деп Жириновский “Эхо Москвы” радиосунда сүйлөгөн.

Ушул жумада Батыш басылмаларында Түркиянын Түндүк Иракка басып киришинин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жоромолдуу макалалар жарыяланды. New York Times гезити шаршембидеги санында түндүк Иракта күрттөр мунайга бай Киркук шаарын өз көзөмөлүнө алгыдай болсо, Түркиянын армиясы аймакка басып кириши ажеп эмес экенин жазып, андайга жол бербеш үчүн АКШ армиясы күрттөргө каршы аракетке өтүшү мүмкүн деп билдирген.
XS
SM
MD
LG