Европадагы барокконун акак дөөлөттөрүнүн кору жыйналган Дрезден бомбаланбайт деп нацисттик жетекчилик аңыз кеп тараткандыктан, көпчүлүк эл союздаштардын авиациясы шаарга абадан сокку урбайт деген ишеничте болгон.Бомбалоонун күбөсү 78 жаштагы Гөц Бергандер ошол кезди ушинтип эскерет.
18 - кылымдын алгачкы чейрегинде Саксониянын жана Польшанын падышасы Айбаттуу Августтун тушунда Дрезденде барокко стилиндеги Звингер, Ташенбер жана Япон сарайлары, көпөлөктөй жеңил көпүрөлөр, Фраукирхе же Биздин айым чиркөөсү, “Европанын балкону” деп ысмы ааламга тараган Брухел сереси курулат.
Кооз имараттар шаарга интеллектуал-ойчулдарды жана маданияттын дөө- шааларын тараткан. Немец поэзиясы жана философиясынын каймактары Гете, Шиллер, социалист-философ Аугуст Бебель жана коммунсттик идеянын ташбыйкаттооочусу Карл Маркс, композиторлор Бетховен менен Вагнер шаарга издерин суутпай каттап турушкан.
19-кылымда Дрезденде Европадагы биринчи трамвай жүрөт. Германиянын бардык темир жолдору ушу жерде тогошот. Шаардын өнүккөн инфраструктурасы келечекте оптика, кинокамера, авиа, авто жана компьютердик өндүрүштүн гүлдөп өсүшүнө өбөлгө түздү.
Экинчи дүйнөлүк согуштун соңку жылы 750 жылдык шаарды кыйроого алып барды. Удаа-удаа бомбалоодон темир жол түйүнү, Европадагы биринчи жатак цирк менен айбанаткана кыйрады. Түрдүү эсептер боюнча 650 миң калктуу шаардын 35 миңге жакын тургуну курман болду.
Согуштан соң Чыгыш Германиянын коммунисттик бийликтери атактуу Звингер сарайы, Опера театры сыяктуу барокко архитектурасынын сере эстеликтерин калыбына келтирүүгө өзгөчө маани берди. Британиянын “Таймс” гезити белгилегендей, социалисттик өкмөт болсо, оболу элди турак-жай менен камсыздап, анан барып маданий дөөлөттөрдү бутуна тургузмак.
Жекшемби күнү Дрезденди бомбалоонун 60 жылдыгы ырасмий түрдө эскерилип жаткан тушта немец шаарларын Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда бомбалоолорду”холокаустка” салыштырган оңчулдардын жүрүшү болду.
“Азаттыктын” кабарчысы Жэффри Доновандын кабарлашынча:
-Алардын көпчүлүгү кара жакет кийген кырма баштар болду. Алар колдоруна кара шарларды көтөрүп жүрүштү. Жакаларына төөнөлгөн кара кыйыкка “ 60 жыл мурда болгон бомбалоо эч качан унутулбайт жана эч качан кечирилбейт”деген жазуусу бар.
Ошентип, канцлер Герхард Шрөдердин неонацисттик маршты болтурбоо аракети ишке ашкан жок. “Азаттыктын” кабарчысынын байкашынча, өлкө жетекчилигин жана көпчүлүк дрездендиктерди оңчул-экстремисттердин жүрүшү оңтойсуз абалга калтырды.
Оңчулдар жүрүшүнүн катышуучусу, 50 жаштагы Марио Лафур Дрезденди бомбалоону тизелеп турган байкушту “жардан түртүүгө” салыштырат:
–Дрезденди бомбалоо Германия элинин ошол кездеги абалын ойлоп көрчү күн. Ал менин элим үчүн кадыресе иш деп ойлобойм. Бул согушта өлгөн башка элдерге каршы багытталбайт. Бул согушта өлгөн германиялыктардын тагдыры жөнүндө ойлончу күн.
Оңчулдардын сынчылары нацисттик авиация оболу Бельгиянын Антверп, Англиянын Ковентри жана Польшанын Варшава шаарларын бомбалаганын айтышып, экстремисттер Экинчи дүйнөлүк согуштагы Германиянын жамандыктарын актоо аракетин кылышууда деп баалашты.
Жөөт уюмдары да неонацисттердин немец шаарларын бомбалоосун “Холокаустка” же фашисттердин өлүм лагеринде 6 миллион чамалуу жөөттөрдү максаттуу кыруусуна салыштыруусуна нааразылык билдиришти.