Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Сербиянын президенти соңку алты жылдан бери алгачкы жолу Косового келди

Бул серб мамлекет башчысынын 1999-жылы Косово Улуттар уюмунун башкаруусуна өткөндөн бери алгачкы ирээт келиши. Президент Борис Тадич бул жерде азчылыкты түзгөн серб тайпасынын өкүлдөрү менен жолугушууда "Косово бул- Сербия" деп жарыялады. Ал Косовонун башкалаасы Приштинада БУУнун администрация башчысы Серен Йессен –Петерсон менен сүйлөшүү өткөрдү. Серб президенти өз иш сапары учурунда Косоводо көпчүлүктү түзгөн албан жамаатынын өкүлдөрү менен жолугар-жолукпасы белгисиз. Былтыр бул жерде жергиликтү албандар сербдерге каршы тополоң уюштургандан бери Сербия менен Косовонун мамилеси жакшы эмес. Анда 19 адам өлүп, 4 миңдей киши, көбүнесе сербдер, үй-жайын таштоого мажбур болгон.
XS
SM
MD
LG