Суу ташкынга өлкөнүн түштүк –батышы кабылды. Пакистан бийликтеринин билдиргенине караганда, дагы 2 миңдей адам дайынсыз жоголгон деп эсептелүүдө. Суу ташкындан улам Балучистан провинциясында 40 миңдей адам үй-жайынан айрылды. Өлкөнүн түштүгү катуу жаандан жабыр тартса, түндүгүндө калың кар түшкөн. Полициянын маалыматы боюнча Кашмирдин Пакистан көзөмөлдөгөн бөлүгүндө кар көчкүдөн кырк алты адам мерт болду. Тоолуу Абботабад деген райондо кар көчкү алдында калган адамдардын саны 40ка жетиши мүмкүн.