Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Иран өз планынан баш тартпайт


Иран Евробиримдик жеңил сууда иштөөчү реактор берүүнү сунуш кылганына карабай, оор сууда иштөөчү рекатор куруу планынан баш тартпайт. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хамид Реза Асефи Евробиримдиктин сунушун кубаттады, бирок ал Иран кандай болгон күндө да өз планын өзгөртпөсүн белгиледи.

Евробиримдиктин үч өлкөсү Британия, Германия, Франция азыр Иранды өзөктүк курал жасоодо керектелүүчү зат- уранды байытууну токтотууга ынандыруу аракеттин көрүүдө жана жеңил сууда иштөөчү реактор - Евробиримдиктин Тегеранга ошол максаттагы сунушу.

АКШ Иран өзөктүк курал программасын жашыруун жагдайда өнүктүрүп жатат деп эсептейт. Ал эми Тегерандын ырастоосунда, алардын программасы тынчтык максатты гана көздөйт.

XS
SM
MD
LG