Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Иран Европанын талабын четке какты


Ирандын тышкы иштер министринин маалымат катчысы Хамид Реза Асефи анын өлкөсү 15 жыл ичинде ядролук ири отун чыгаруучу болууну максат кылаарын белгилеп, Кошмо Штаттарын Ирандын ядролук жайларын бомбалоодон сак болууга чакырды:

- АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс айым жана башка америкалык ырасмий өкүлдөр Ирандын дареметин жакшы билишет. Биз европалыктардан америкалыктарга "от менен ойнобосун" деп эскертип коюсун ачык айтканбыз.

Анын аралыгында, «Вашингтон Пост» гезити Кошмо Штаттары Ирандын ядролук программасына байкоо жүргүзүүчү автомат-учактарды учургандыгын жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG