Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:22

Орусия жогорку бийлиги Кыргызстанга иш сапары менен келет


БИШКЕК. Орусиянын президенти Владимир Путин үстүбүздөгү жылдын июль айында Кыргызстанга иш сапары менен келет. Ал эми март айында Бишкекке Орусиянын премьер-министри Михаил Фрадков келет. Бул тууралуу 14-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйында журналисттерге Тышкы иштер министри Аскар Айтматов билдирди. Анын айтымында, 2005-жылдын сентябрь айында Кыргыстанда орус-кыргыз өкмөттөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда биргелешкен экономикалык форум өткөрүлөт. Ага Орусиянын Соода палата төрагасы Евгений Примаков жана Экономика министри Герман Греф катышышат.

 

XS
SM
MD
LG