Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:20

Абхазиянын өкмөтүн түзүү Александр Анквабка сунуш кылынды


Абхазиянын президенти Сергей Багапш бүгүн Александр Анквапты жикчил республиканын премьер-министри кылып дайындады. Анкваб жарлыкка ылайык эки апта ичинде өкмөттү түзүшү шарт. 52 жаштагы Анкваб бир жылдары советтик Грузиянын ички иштер министринин орун басары болгон. Ал 1994-жылы Мосвкага көчүп кетип, таанымал бизнесменге айланган. Ал Абхазияга беш жыл мурда кайра келген. Абхазия 1990-жылдардын башындагы күнкорсуздук согушунан кийин өзүн Грузиядан күнкорсуз деп жарыялаган.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG