Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Түндүк Кореянын атомдук куралы бар экенине Түштүк Корея ишенбейт


Ырасмий Сеул Түндүк Кореяны ядролук куралы бар өлкө деп таанууга али эрте деп санайт. Түштүк Кореянын биригүү иштери боюнча министри Чэн Дон- Енг бүгүн өлкө парламентинде сүйлөп мындай деди:

-Түндүк Кореяда бир же эки ядролук бомбаны жасаганга жетерлик 10-14 килодой плунтонийи бар. Бирок Түндүк Кореянын плунтонийден бомба жасаганын тастыктала элек.

Ырасмий Пхенян өткөн аптада атомдук куралы бар экенин жана куралсыздандыруу боюнча алты жактуу сүйлөшүүдөн чыгаарын жарыя кылган.

XS
SM
MD
LG