Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

ЕККУнун өкүлдөрү Ысыккөлдүн Түп районунда болушту


КАРАКОЛ. Жолугушууда ЕККУнун узак мөөнөттүү байкоочулары алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Маселен, №71 Түп шайлоо комиссиясынан үчүнчү ирет депутаттык мандат үчүн ат салышып жаткан Жангороз Каныметов шайлоо алдындагы үгүт иштери, жумушчу комитеттердин түзүлүшү, массалык маалымат каражаттарынын саясий өнөктүктө ээлеген орду жана ролу тууралуу ЕККУнун байкоочуларына маалымат берди. Каныметовдун айтымында, жергиликтүу бийлик өкүлдөрү тарабынан кээ бир талапкерлерди гана жактаган бир жактуу мамилелердин пайда боло баштагандыгы, ал эми айрым атаандаштары шайлоочулардын добуштарын арак, акча менен сатып алууга аракет кылып жаткандыгы тууралуу өз оюн билдирди.

XS
SM
MD
LG