Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Нарын шаарында 30дан ашуун адам саясий акция өткөрдү


НАРЫН. “Биз акыйкат жана таза шайлоо үчүн”, “Элдин добушун арак, акча менен сатып алууга жол берилбесин” деген талаптар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышкан жарандар №33 Нарын аймактык шайлоо округунан депутаттыкка талапкер, укук коргоочу Турсунбек Акундун жактоочулары болуп чыгышты. Алар алдыдагы шайлоону адилет, таза, мыйзам ченеминде өтүшүн талап кылган чакан митинг өткөрүштү. Митингдин катышуучулары менен губернатор Шамшибек Медетбеков, шаардын акими Бейшеналы Боогачиев, облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Аманкул Молдалиев жолугушту. Губернатор мындай жөрөлгөнү колдой тургандыгын, адилет, калыс жана мыйзам ченеминде шайлоо өткөрүүнү элге түшүндүрүү керектигин белгиледи. Ал эми талапкер Турсунбек Акун айрым талапкерлер элге көмүр, арак, чай таратып жаткандыгын, кээ бир жолугушуулар мерчемдүү жерде уюштурулбаган фактылар орун алгандыгын губернаторго билдирди.

XS
SM
MD
LG