Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

МУРДАГЫ ПРЕМЬЕР-МИНИСТРДИН ӨЛҮМҮ ЛИВАНДАГЫ САЯСИЙ ТИРЕШТИ КҮЧӨТТҮ


Ливанда өлкөнүн мурдагы премьер- министри Рафик Харири киши колдуу болгонуна байланыштуу үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Армия күчөтүлгөн күжүрмөн даярдыкка келтирилди. Мурдагы премьер- министрди кошкондо кеминде он үч адам башкалаа Бейрутта дүйшөмбү күнкү жардыруудан мерт болгон. Оппозициячыл лидерлер Рафик Хариринин өлүмү үчүн жоопкерчиликти коңшу Сирияга жүктөдү, бирок Ливандын Дамаск колдогон өкмөтүн буга тикелей тиешеси бар деп айыптаган жок. АКШ менен Франция болсо Сирия Ливанды оккупациялоосун токтотуш керектигин кайрадан эске салууда.

Сириянын Ливанда 14 миңдей жоокери бар.1990- жылы бул жерде граждандык согуш аяктагандан бери Ливандын саясий сахнасында Дамасктын таасири өтө чоң.

Ливандагы саясий тирешүү былтыр сентябрда Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши 1559 - резолюцияны кабыл алгандан бери күчөгөн эле. АКШ жана Франция колдогон бул резолюция Сирияны Ливандан аскерлерин алып кетип, анын ички ишине кийлигишүүнү токтотууга чакырган болчу. Эми ошол Сирия Ливандын саясатына каршы болуп жүргөн мурдагы премьер- министрдин өлүмү Ливандын өзүндөгү эле кырдаалды курчутпастан эки коңшунун мамилесинде жаңы чыңалууну жараткансыды.

Сирия өз тарабынан Бейруттагы жардырууну айыптап, президент Башар Ассад аны "үрөй учурган кылмыш " деп атады. Дамаск ошондой эле өзүнүн ага катышы бардыгы жөнүндөгү пикирлерди четке кагууда.

Бирок АКШнын расмий өкүлдөрү өз комментарийлеринде Сирияны ишара кылып жаткандай. Маселен Ак үйдүн маалымат катчысы Скот Макллелан мурдагы премьер- министрдин өлтүрүлүшүн "Ливан Сириянын оккупациясынан эркин болуш керектигин эске салган" окуя катары мүнөздөдү. Ал Вашингтондогу басма сөз жыйында ошондой эле АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1559- резолюциясынын аткарылышы үчүн киришээрин кошумчалады:

- АКШ чөлкөмдөгү калган өкмөттөр, БУУнун Коопсуздук Кеңеши менен бул террактка жоопкерлерди жазалоо үчүн колдонулушу мүмкүн болгон чаралар жана Ливандын элине каршы зобулукту, коркутууну токтотуу, Ливанды чет элдик оккупациядан бошотуу менен көз карандысыздыгын, суверенитетин, демократияны калыбына келтирүү боюнча консультацияларды өткөрөт.

Эксперттердин айтымында, Коопсуздук кеңешинин1559 - резолюциясы эл аралык коомчулук Сирия иш жүзүндө Ливанды оккупациялаганын таануусун аякташы болгон. Ливанда өз кызыкчылыгы бар АКШ менен Франция ал резолюциянын кабыл алынышына жетишүү менен Сирияга Ливанда былтыр сентябрга белгиленген президенттик шайлоону өз учурунда өткөрүүсүнө жол берүү үчүн кысым көргөзүүнү көздөгөн эле.

Бирок Сирия анда муну өзүнүн ички ишине кийлигишүү катары баалап, резолюцияны аткаруудан баш тарткан эле. Ливандын Дамаск көзөмөлдөгөн парламенти болсо Конституцияга өлкөнүн азыркы президенти Эмил Лахуддун бийликте дагы үч жылга калуусуна уруксат берген өзгөртүү киргизген.

Парламенттин мындай чечиминен улам жана Дамаска эл аралык кысым көргөзүлгөнүн таасири астында Ливанда антисириячыл маанай күчөй баштаган. Маркум Рафик Харирин добушу алардын ичинен белгилүүсү болчу. Майкл Глэкин Бейрутта англис тилинде чыгуучу "The Daily Star" гезитинин редактору:

-Ливандын президенти, премьер-министри жалпысынан сириячыл деп эсептелет. Харири өзү оппозициянын катарында экенин эч качан расмий билдирбегени менен, Ливандын негизги оппозициячыл күчтөрүнүн көз карашын бөлүшкөнү анык. Анын туруму жөнөкөй эле болчу - Сирия анын өлкөсүнүн иштерине кийлигишпеши жана аскерлерин чыгарып кетиши керек.

Рафик Хариринин өлүмү боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүлүшү керек деп эсептеген Франция АКШ былтыр майда Сирияга каршы киргизген экономикалык санкцияларды сынга алган. Бирок Сирия Ливандын азыркы президентинин бийлик мөөнөтүн узарткандан кийин Париж Вашингтондун Дамаска кысым көргөзүү аракеттерине кошулду.

Аналитиктердин айтымында, Франциянын Ливандагы экономикалык кызыкчылыктары соңку жылдары жабыр тартууда. Сириянын да өз кезегинде Ливанда экономикалык жана стратегиялык кызыкчылыктары бар жана бул жерден жеңил кетип калышы күмөндүү. Бейруттук журналист, маркум Харирини жакындан билген Жихад Хазер бул абройлуу саясатчыны өлтүрүү Сириянын кызыкчылыгындагы иш эмес экенин айтат:

-Мен сириялыктардын тиешеси жок деп үмүттөнөм. Менимче мындай ишке акылынан айрылгандар гана барат. Мен чын эле сириялыктардын тиешеси жок деп ишенем жана кудайдан тилейм. Себеби бул ишке аралашкандарга кун төлөшкө туура келет.

Ливандын оппозициясы мурдагы премьер- министрдин өлүмү үчүн негизинен Сирияны айыпташты. Жаалданган адамдар Сириянын башкаруучу "Баас" партиясынын Бейруттагы кеңсесине таш ыргытышып, президент Башар Ассаддын сүрөттөрүн өрттөштү. Ливан бийликтеринин билдиргенине караганда, баштапкы иликтөөлөр Рафик Хариринин автокербени кетип бара жатка кезде бомбалаган машинаны жанкечти жардырганын көргөзүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG