Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

КАЗАКСТАНДЫН ИРИ ОППОЗИЦИЯЧЫЛ ПАРТИЯСЫ «АК ЖОЛДОГУ» ЧАТАК


Казакстандын оппозициячыл “Ак Жол” партиясынын жетекчилиги ич ара чатакташууда. Партиянын эки тең төрагасы Алихан Байменов менен Людмила Жуланова жекшемби күнү кезексиз пленум чакырып, анын катышуучулары тең төрага Алтынбек Сарсенбаевге уставды бузду деген жүйө менен, ага ишеним көрсөтпөө үчүн добуш беришти. Беш төңтараганын калган экөөсү добуш берүүгө катышкан жок.

“Ак Жол” партиясынын жекшемби күнкү кезексиз чакырылган пленуму тең төрага Алтынбек Сарсенбаевди партиялык уставды бузду деп, ага ишеним көрсөтпөө үчүн добуш берди. Жыйындын демилгечиси “Ак Жолдун” тең төрагасы Алихан Байменов катаал чарага баруу ал үчүн кыйынга турганын билдирди:

- Кабыл алынган чечим өтө жооптуу иш. Мага саясатчы катары да, азамат катары да бул өтө кыйын чечим болду. Бирок, казакта ” Ооруну жашырса. өлүм ашкерелейт” деген кеп бар эмеспи.

Пленум ошентип «Ак Жолдун» Сарсенбаев башындагы канатынын башка оппозициячыл күчтөр менен чогуу өкмөттүк «Отан» партиясына атаандашууну көздөгөн планын колдободу. Бу план боюнча «Ак Жол», Коммунисттик партия жана Казакстан демократиялык тандоо партиясы Демократиялык күчтөрдүн Коордиациялык кеңешин түзүлүш керек. Анын натыйжасында, үч партиянын алдыдагы президенттик шайлоодо бирдиктүү талапкерди көрсөтүүсү үчүн реалдуу кадам жасалат. Президенттик шайлоо келерки жылы башында болот.

Байменовдун тарапташтары башка партиялар менен чогуу Координациялык кеңеш түзүү «Ак Жолду» уставына каршы келет деп эсептейт.

Алтынбек Сарсенбаев болсо плунумду Байменов кимдин жардамы менен жана кандай максатты көздөп уюштурганын аныктоону талап кылды:

- Көңүлгө арзыбаган бу жыйынды ким уюштурду? Эгерде Байменов өзүн демократ деп эсептесе, ал авторитаризм менен күрөшүп жаткан адамдарга артынан келип бычак урбаш керек. Биз андан пенумду уюштурганга ким жардамдашты деп сурашыбыз абзел? Ал эмне үчүн партия Казакстандын демократтык тандоо партиясы менен жакындашып баратканда, бийлик оппозициялык басылмаларды кысмакка алып жатканда, партияны талкалагысы келет?

“Ак Жолдун” теңтөрагалары Булат Абилов менен Ораз Жандосов Сарсенбаевдин тарабын алышып, пленумга катышкан жок. Партиянын мүчөсү Асылбек Кажамбетов Байменовду президент Назарбаевдин режимине партияны кыйратууга жардам кылууда деп күнөөлөдү.

Сарсенбаевдин айтымында, пленумга партиянын негизги региондордогу өкүлдөрү катышпагандыктан, анын чечими мыйзамсыз:

- Партиянын областтык жети бөлүмү мындай келегей жыйынга катыша албайбыз дешип, пленумга катышпай койду. Мен жана партиянын жетекчилери Ораз Жандосов, Булат Абилов, Телухан Жекаев, Дулат Жээнбаев, Жаннат Жертлесова да жыйынга катышуудан баш тартты.

Байкоочулар арасында “Ак Жолдун” жетекчилигиндеги тартыш партияны экиге бөлүп жибериши, оппозициянын президент Назарбаев менен тең таймашка чыкчу талапкердин артында бииригүү аракетин таш каптырышы ыктымал деген кооптонуу күчтүү.

Айта кетчү нерсе, өткөн парламенттик шайлоодо оппзициячыл партиялардын ичинен жалгыз “Ак Жол” бир мандатка ээ болгон. Ал орун Байменовго берилген. Бирок, Байменов парламент мыйзамсыз шайланганын айтып, анын ишине катышпай да, орунду партиялаш башка бирөөгө бербей да жаткан.

Ошондуктан, Байменов өзүнчө бөлүнүп кетсе, “Ак Жол” парламенттеги жалгыз ордун сактап калабы, же ал Байменовго өтөбү, азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG