Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

ООГАНСТАНДА МУЗЫКАЛЫК ПРОГРАММАЛАРДЫН ПОПУЛЯРДУУЛУГУ ӨСҮҮДӨ


Ооганстанда Талибан режими бийликте турган кезде Исламга каршы келет деген жүйөө менен калктын музыка угуусуна такыр эле тыюу салынган эле. Эми талибдер бийликтен кеткенден үч жылдан соң Ооганстандын жаңы менчик телеканалдарынын музыкалык программаларынын популярдуулугу өсүүдө, бирок буга нааразы болгондор жок эмес.

Ооган башкалаасы Кабулдагы “Толо” менчик телеканалы соңку беш айдан бери "Хэп" же кыргызча "Секирик" деп аталган музыкалык программасын обого чыгарууда.

Программада батыштык музыка жылдыздарынын чыгармалары менен катар Иран,Түркия, Индия ырчыларынын да клиптери берилип турат. Обого чыкканына беш эле ай болгонуна карабай, "Хэп" программасы ооган жаштары арасында өтө популярдуу. Айрым иликтөөлөргө караганда, ал эфир үчүн эң жакшы убакытта эл көп көргөн программага айланууда.

22 жаштагы Шакиб Иссар - программанын алып баруучуларынын бири. Мындан тогуз жыл мурун талибдер Кабулду ээлегенде анын үй-бүлөсү Пакистанга көчүүгө мажбур болгон. Мекенине кайткан соң Иссардын айтымында, ал көрүүчүлөрдүн көңүлүн ачууну жана жаш таланттарды шыктандырууну максат кылды:

-Бул ырларды ойнотуу менен биз өзүбүздүн ырчыларды, актерлорду батыштык ырчылар Рики Мартин же Женнифер Лопез сыяктуу белгилүү болууга шыктандыргыбыз керек.

"Хэп" программасын алып баргандардын арасында аялзатынын Шайма Ризайе аттуу 22 жаштагы жалгыз өкүлү да бар. Талибдер тыюу салганына байланыштуу ал кезинде мектепке бара алган эмес, көчөөгө чыгууда паранжы кийүүгө мажбур болгон. Ризайенин айтымында, аялдар окууга жана иштөөгө эркиндик алган азыркы шартта да анын теледен чыгуусу, Кабулдан көчөлөрүндө кыска кийимчен жүрүүсүнөн шок болгон оогандар жок эмес:

-Мен көчөгө чыккан кезде айрым адамдар жаман сөздөрдү айтышат. Бирок мактагандар да көп. Өзгөчө менин үй-бүлөм, өлкө жаштарынын көпчүлүгү мени шыктандырууда.

"Толо" телеканалын негиздеген ооган ишкери Саад Мохсени алардын жогорудагыдай музыкалык программалары муну исламдын баалуулуктарына каршы келет деп эсептеген оогандардын кыжырын кайнатканын моюнга алат. Бирок Мохсенинин айтымында, программанын популярдуулугун ал көрүүчүлөрдүн мүдөөсүнө жооп берип жатканын көргөзүүдө:

-Оогандар буга даяр же даяр эместигин чечүү коомчулуктун иши. Бул интеллектуалдар, окумуштуулар жана эксперттер деп аталгандардын жумушу эмес. Эгер коомчулук бул программаны энтузиазм мен көрсө жана ал популярдуу болсо, коомчулук демек мындай типтеги программаларга даяр өңдөнөт.

20 жыл Австралияда жашаган Саад Мохсениге Толо телеканалын жана FM толкунунда дагы бир радиону негиздөөсүнө каржылык жактан АКШнын USAID агенттиги колдоо көргөзгөн.

Ооганстандын Жогорку Сотунун судьясы Фазл Хади Шинвари "Хэп" сыяктуу музыкалык берүүлөрдү кескин сынга исламчыл консерваторлордун бири:

-Бул биздин коомду, маданиятты бузат жана мындан да маанилүүсү бизди адамдарды Исламдан чегиндирет, өлкөбүздү талкалайт. Биздин адамдарды башка маданиятты кабыл алууга мажбурлайт, өлкөбүздү бүткүл дүйнөдө маскара кылат.

Анткен менен ооган жаштарынын көпчүлүгү мындай аргументтерди четке кагат сыяктуу. Айтор азыр Ооганстанда жеке менчик телерадиоканалдардын аудиториясы Кабул же башка ири шаарлар менен гана чектелет.

Поп музыка менен байланышкан программалардын айланасындагы талаш- тартыштар ооган коомунда алдыдагы жылдары ал телеканалдар өз берүүлөрүн кеңейтип, провинцияларга жайылта баштаганда азыркыдан да күчөчүдөй.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG