Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

"САРАТАН" БЕРЛИНГЕ КЫШ ЧИЛДЕДЕ КЕЛДИ


Берлинде өтүп жаткан 55-эл аралык кинофестивалдын аяктаарына саналуу күн калды. 15-февралда анын алкагында Батыштык кино ышкыбоздоруна Кыргызстандык "Айыл өкмөтү" тасмасы көргөзүлдү.

Режиссер Эрнис Абдыжапаров тарткан кыргызстандыктарга таанымал бул көркөм тасма батыштык көрөрмандарга "Саратан" деген аталыш менен тартууланды.

Берлин кинофестивалынын конкурстан тышкаркы "Панорама" аттуу бөлүгүндө көрсөтүлгөн кыргыз киносу жылуу пикирлерге арзыганын "Азаттыктын" кабарчысы Шухрат Бабажановго фестивалдын президенти Дитер Косилик билдирди:

- Абдан жакшы тасма экен. "Панорамада" көрсөтүлгөндөрдүн мыктысы десем да болот. Биз мындан ары Борбор Азияга көбүрөөк көңүл буралы деп чечтик, ЮНЕСКО бул маселеге атайын каражат бөлмөй болду.

Германиялык киносынчы Бритта Вондербенс "Азаттыкка" буларды кошумчалады:

- "Саратан" тасмасынын премьерасы абдан жакшы, ийгиликтүү өттү. Көрөрмандар андагы музыка, окуянын жүрүшүн жылуу кабыл алып, күлкүлүү жерлерде каткырып күлүп, кыргыз айылындагы жашоону айтор абдан жакшы кабыл алышты. Аягында ыраазычылык билдирип, кыргыз киносу эми Германиядагы кинотеатрларда көрсөтүлсүн деген тилектерин айтышты.

Берлиндеги эл аралык кинофестиваль анда көрсөтүлчү тасмалардын саны жагынан дүйнөдөгү эң ири фестиваль эсептелет. Быйыл ага 350гө жакын тасма катышууда, байгелер үчүн күрөшчү сынакка бирок 22 гана тасма гана тандалып алынган.

Европадагы эң ири кинорынокко айланган Берлиндеги фестивалдын жеңүүчүлөрүнө "алтын аюулар" жыйынтыктоочу күнү - 20-февралда тапшырылат.

Башбайгеге талапкер катары – француз режиссеру Режи Варньердин "Адам адамга" аттуу көркөм тасмасы, Германиялык киночулардын экинчи дүйнөлүк согуштун тегерегиндеги окуяларды баяндаган "Софи Шулль: акыркы күндөрү" жана "Тагдырсыз" аттуу чыгармалары аталууда.

Кино ышкыбоздорунун көңүлүн өзүнө бурган "Адам адамга" аттуу тасмада Африкадан Англияга алынып келинген маймылдардын жашоосунун негизинде киши эмнеден келип чыкканын көрсөтүүгө көркөм аракет жасалган.

Негизинен эле сынчылар быйылкы Берлин фестивалында Африка темасы көбүрөөк козголуп, Европадан тышкаркы элдердин маданиятына басым жасалганын белгилеп жатышат.


(Сүрөттө - Эрнст Абдыжапаров. Сүрөттү Ш.Бабажанов тарткан).
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG