Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

ШАЙЛОО: ТАЖИК ОППОЗИЦИЯСЫНА БУТ ТОСУУЛАР ЖЕТИШТҮҮ


Кубат Оторбаев, Прага Кыргызстандагы сыяктуу эле Тажикстанда да парламенттик шайлоо 27-февралга белгилгенген. Тажик оппозициясы дагы кыйын-кыстоо шартта саясий күрөш жүргүзүшкө аргасыз. Атап айтканда алардын өкүлдөрүнүн көбү каттоодон өтө алышкан жок. Каттоодон өткөндөрү болсо бийликтин бут тосууларына кабылып жатышат.

Он күндөн кийин Тажикстанда парламентке жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Саясий өнөктүктө депутаттар партиялык тизме менен тандалып жатат. Акыркы окуялар көргөзгөндөй болочок парламентте бийликке ылым санаган Тажикстандын элдик демократиялык партиясы жана Коммунисттик партия көп орун алат өңдөнөт. Буга чейинки парламенттик акыркы шайлоодо бирин-бири колдоого алган ушул эки партия парламенттеги орундун 85 процентин ээлеген болчу.

Алардын мындай артыкчылыктуу абалы тажик оппозициясындагы Ислам кайра жаралуу партиясы, Социалисттик партия, Тажикстандын демократиялык партиясы жана Тажисктандын социал-демократиялык партиясына кыйынчылык-кысталыш туудурат. Анын үстүнө бийлик дагы оппозицияны кайдан эле жактырып, сүйсүн?

Жогоруда аттары аталган оппозициялык төрт партиянын өкүлдөрү шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү бийликтин камчысын чаап, ар кандай жолдор менен оппозицияга тоскоолдук кылып жатканын айтышат. Атап айтканда, Ислам кайра жаралуу партиясынын жер-жерлерден талапкер болууга ниеттенген 23 өкүлүн шайлоо комиссияларынын чиновниктери болбогон шылтоолор менен катуу кыйнаган. Натыйжада каттоодон 23 адамдын араң гана сегизи өткөн. Тескерисинче бийлик өзүнө ылым санаган партияларга жан тартып, колдоп-сүрөгөндөн тартынган жок.

Февралдын башында ушул жогоруда аттары аталган алты партия тең алдыдагы шайлоону таза жана эркин өткөрүү боюнча меморандумга кол коюшкан. Мындан тышкары, шайлоонун таза өтүшүнө көзөмөл кылуучу көзкарандысыз борбор да уюштурулган. Латиф Хадизодо мына ошол борбордо иштейт. Анын айтымында эрежени бийликке ыктаган партиялар бузуп жатат. Атап айтканда, бийлик өкүлдөрү өкмөтчүл партиялардын атынан атсалышып жаткандарга автомашина берип, колдоп атканы белгилүү болду. Бул болсо – Тажикстан сыяктуу тоолуу өлкөдө өтө чоң жардам:

– Маалыматтарга караганда Дүйшөмбү шаарынын Сомони районунда Коммунисттик партиянын жана Элдик демократиялык партиянын атынан чыккан талапкерлер шайлоочулар менен жолугушууга өкмөттүк автомашиналарды минип барышкан. Чиновниктер өздөрү татыктуу деп эсептеген талапкерлерге шайлоо кампаниясын жүргүзүш үчүн жумуш убагы маалында мамлекеттин карамагындагы автомашинаны берип коюп жатышат, - дейт Латиф Хадизодо.

Сомони шайлоо округунун төрагасы Абдурахмон Абдуманнонов бул окуядан кабардар экенин айтып, бирок ошентсе да кайсы талапкер кайсы чиновниктин эмне маркадагы автомашинасын мингени тууралуу так маалымат алган жокмун деп, алакан жаят.

Ал эми оппозициялык партиялардын атынан чыккан талапкерлерге тескерисинче, тоскоолдуктар жетиштүү. Социал-демократиялык партиянын төрагасы Рахматулла Зоировдун айтымында, атургай шайлоочулар менен жолуга турган жер табыш да кыйын болуп калат:

– Биздин партия Худжент шаарында Сохдсохтом фабрикасында жолугушуу уюмштурууну пландаган. Биз үчүн залды арендага алган эки жумушчу иштен айдалды. Борбордук шайлоо комиссиясы болсо силердин ал жерде жолугушуу уюштурууга укугуңар жок болчу деп койду.

Зоировдун кошумчалаганына караганда ушундай эле шылтоолор менен Тажикстандын түндүгүндө жайгашкан Иштарафшан шаарынын мэри Жума Зокиров дагы алдын-ала белгиленген жолугушууларды үзгүлтүккө учураткан. Ошол шаардын аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мавлон Бойтемиров социал-демократтар жолугушуу башталганда Тажикстандын мамлекеттик гимнин ойнобой койгону үчүн ал иш-чара үзгүлтүккө учуратылып, ага уруксат берилген жок деген каршы аргументин айтат.

Ал эми социал-демократтар болсо эч бир мыйзамда шайлоочулар менен жолугушуу алдында сөзсүз гимн ойнолсун деп айтылган эмес дешет. Социал-демкраттардын лидери Рахматулла Зоировдун пикиринде мамлекеттик басылмалар оппозицияны жаманатты кылыш үчүн аларды радикал исламчыларга жабыштырып, чагым салганы жатышат деп айыптап келишүүдө.

Социал-демократтар сыяктуу эле Тажикстандын демократиялык партиясына да бут тосуулар болду. Мисалы, партиянын атынан төрт талапкер атсалышып жатканы менен партиянын лидерине кылмыш иши козголгону үчүн ал шайлоого катышуу укугунан ажыратылган.

XS
SM
MD
LG