Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:54

Калкка электр энергиясын берүү азайтылат


БИШКЕК. Быйыл февраль айынын соңунан тарта Чүй, Талас областарына жана Бишкек шаарынын жашоочуларына электр энергиясын берүүнүн өлчөмү азайтылат. Мындай иш чара өлкөнүн түндүгүнө берилген электр энергиянын 20% азайтылгандыгы менен түшүндүрүлгөн. Бул тууралуу «Түңдүкэлектр» ишаканасы 17-февралда тараткан маалыматта айтылган. Казакстандын Энергетика жана минералдык ресурстар министри Владимир Школьник 7-февралда Кыргызстанга иш сапары менен келип, Токтогул суу сактагычынан агызылган суунун өлчөмүн секундуна 700 куб метрден 600 куб метрге чейин төмөндөтүүнү суштаган. Казак бийлиги мындай өтүнүчүн Казакстандын Шардара суу сактагычындагы суу өлчөмү белгилеген чектен ашып кеткендиги менен түшүндүргөн. Ал эми «Түндүкэлектр» ишканасынын техникалык директору Жалал Арстанов 17-февралда калкка электр энергиясын берүүнү азайтуу күндүн сууктугунан улам электр энергиясын белгиленген чектен көп колдонуудан улам болууда деп түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG