Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Сирия менен Иран макулдашышты


Сириянын өкмөт башчысы Нажи ал-Отари “Сирия менен Иран чет-жакадан чыгып жаткан коркунучка туруштук берүү үчүн биргеликте күчүн бекемдеши керек” деп билдирди. Ал бул сөзүн Тегеранда Ирандын вице-президенти Мухаммед Реза Ареф менен жолугушуусунан кийин айтып олтурат. Ареф болсо, өз кезегинде, “Иран чет өлкөдөн чыгып жаткан коркунучка ар тараптуу каршылык көрсөтүүдө Сирияга жардам берүүгө даяр” деди.
Бул билдирүүлөр АКШ тараптан Иранга жана Сирияга каршы жасалган дипломатиялык басымдын астында айтылды.
АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс шаршембиде бул тууралуу:

- Сирия чынында чоң машакат экендигинде шек жок. АКШ Сирияны Ливандагы аскерий күчтөрүн ал жерден чыгарууну жана өзүнүн өлкөсүндө, ошондой эле түштүк Ливанда жүргүзүп жаткан саясатын айыптаган Бириккен улуттар уюмунун резолюциясын колдоду. Максат – бул проблемага эларалык коомчулуктун көңүлүн буруу, - деди АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс.

Бейрутта Ливандын мурдагы премьер-министри Рафик Харирини өлтүрүлүп кетишкенден кийин, АКШ ал жердеги өзүнүн элчисин чакыртып алган.

XS
SM
MD
LG