Кечээ Израилдин Коргоо министри Шауль Мофаз палестиналык козголоңчулардын үйлөрүн бузууну токтотуу буйругун чыгарды. Белгилүү болгондой, 2002-жылдын августунан тарта израилдик күчтөр палестиналыктарды коркутуш үчүн түрдүү аракеттерди жасап келишкен, бирок израилдик күчтөр азыр бул аракеттерди натыйжалуу болбой жатат деп эсептеп, аны токтотууну чечишти.