Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:38

Аслан Масхадовдун туугандары туткунга алынганы тастыкталды


Чеченстандын президенти Алу Алханов бүгүн - жумурияттын мурдагы президенти Аслан Масхадовдун сегиз тууганы барымтага алынып кеткенин тастыктады. Ал тууралуу кабарлар өткөн аптада тараган. Орусиянын жана чет өлкөлүк укук коргоочу уюмдардын айтымында, аларды вице-премьер-министр Рамзан Кадыровдун жоокерлери туткунга алып кеткен болушу ыктымал. Рамзан Кадыров - өлкөнүн мурдагы президенти Ахмад Кадыровдун уулу жана орус президенти Владимир Путин ага жакында Орусиянын баатыры деген наам берген.

 

XS
SM
MD
LG