Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

Ооганстанда сууктан балдар өлүүдө


Эл аралык уюмдардын айтымында, акыркы эки аптада Ооганстанда болуп көрбөгөндөй суук түшкөндүктөн, өлкөнүн батыш провинцияларында бир миңге жакын жаш бала каза болушу мүмкүн. Гор провинциясынын 16 айылынын ар биринде бир аптанын ичинде беш жашка чыга элек бештен бала курман болду. Окшош абалдагы Шаграк, Тулак жана Агар провинцияларында болсо ар биринде 200-250 айыл бар, бирок ал жакка эл аралык эксперттер жете элек. Саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, январда өлкөдө сууктан 267 адам өлдү.

XS
SM
MD
LG