Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

Түндүк Корея маселеси боюнча АКШ менен Кытай макулдашуу түздү


АКШнын Түштүк Кореядагы элчиси Кристофер Хилл бүгүн Сеул шаарынан билдиргенге караганда, Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрү боюнча өтүп жаткан алты тараптуу сүйлөшүүгө катышууга тийиш деп жакында АКШ менен Кытай макулдашты:

-Кытайдын Түндүк Корея менен өзгөчө мамилеси бар жана, биздин оюбузча, ал мамиледен пайдаланып, Түндүк Кореяны кайрадан сүйлөшүү столуна кайтарууга аракет көрүлүүгө тийиш

Өткөн аптада Пхеньян атайын билдирүү жасап, Түндүк Корея өзөктүк куралга ээ болгону жана ал маселе боюнча өтүп жаткан алты тараптуу сүйлөшүүдөн чыккандыгы тууралуу жарыялаган. Сүйлөшүүгө эки Кореядан тышкары АКШ, Кытай, Жапания жана Орусиянын өкүлдөрү катышат.

XS
SM
MD
LG