Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Эл аралык байкоочулар тажик өкмөтүн сынга алууда

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун байкоочулары бүгүн Тажикстан жетекчилигин сынга алып, алар 27-февралда өтө турган парламенттик шайлоого толук даярдык көрүп бүтө элек деп билдирди. Байкоочулар миссиясынын башчысы Питер Айхердин айтымында, кээ бир шайлоо эрежелери эмгиче тактала элек:

-Шайлоого бир аптадай эле убакыт калганы менен, кээ бир маселелер тычсыздануу жаратууда. Мисал үчүн, алдын ала добуш берүү эрежелери эч тактала элек.

Тажикстанда 27-февралда - парламенттин ылдыйкы палатасына шайлоо өткөрүлөт, жогорку палатанын депутаттары болсо 24-мартта шайланат.
XS
SM
MD
LG