Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Багдаддагы жарылуулардан 17 адам набыт кетти


Багдад шаарында бүгүн бир шийи мечитинин жанында эки жарылуу болуп, андан 17 адам набыт кетти, дагы жыйырмадан ашыгы жараат алды. Өлкөнүн шийи мусулмандары бүгүн Ашураны белгилөөдө жана миңдеген адам борбор калаанын көчөлөрү аркылуу өттү. Ашура - Мухаммед пайгамбардын небереси имам Хуссейндин өлгөн күнү белгиленет. Былтыркы Ашура учурунда көптөгөн жардыруу болуп, 170 адам өлгөндүктөн, быйыл бийлик Ирактын чек араларын жаап, четтен эч кимди өлкөгө киргизген жок.

XS
SM
MD
LG