ОШ. 18-февралда Ош шаарында премьер министр Николай Танаевдин катышуусунда Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жыйыны болду. Коллегияда аталган министрликтин 2004-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана бул жылы аткарыла турган тапшырмалар аныкталды. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев быйыл да жаратылыш кырсыктарынын көбөйүү тенденциясы бар экендигин белгиледи. Министрдин айтымына караганда, республика боюнча жаратылыш кырсыктары болушу мүмкүн деп болжолдонгон 1475 участка бар. Алардын 752си Ош облусуна туура келет. Коллегиянын жүрүшүндө нөшөрлөгөн жаан-чачындар, жер титирөөлөр жана жер алдындагы ички суулардын көтөрүлүшү өзгөчө кырдаалдарды пайда кылуучу негизги факторлор болуп жаткандыгы айтылды. Атуулдук коргонуу башкармалыгынын маалыматы боюнча өткөн жылы жер көчкүлөрдөн 45, кар көчкүдөн 20 адам кайтыш болгон.