Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

ТИМ элчилик даражадан ажыратуу маселесин көтөрүүдө


БИШКЕК. Роза Отунбаева, Медеткан Шеримкулов, Үсөн Сыдыков жана Мамбетжунус Абыловду Толук жана ыйгарым укуктуу элчи даражасынан ажыратуу маселеси өткөн жумада болгон тышкы иштер министрлигинин коллегиясында талкууланып, бирок ал боюнча эч кандай чечим кабыл алынган эмес. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева 18-февралда билдирди. Ал эми өкмөттүк «Слово Кыргызстана» гезитинин жума күндөгү жазуусуна караганда, министрликтин коллегиясында дипломаттык жогорку даражага каршы келген аракеттери үчүн бир катар элчилерди Толук ыйгарым укуктуу элчилик даражадан ажыратуу маселесин жетекчиликке жеткирүү зарыл деп табылган. Маалыматка караганда, талапкер болууга аракеттенген элчилерди азыркы элчилерден Бакыт Бешимов, Мирослав Ниязов ачык колдогон. Ал эми Медет Садыркулов, Жумагул Сааданбеков, Улукбек Чыналиев эч кандай баа берген эмес. Калган өлкөлөрдөгү элчилер экс- элчилердин саясий ишмердигин туура эмес деп баалашкан.

XS
SM
MD
LG