Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

УКРАИНА: МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ КАЙРА КАРАЛУУДА


Баян Жумакадыр кызы, Прага Бейшемби күнү Украинанын Жогорку соту "Криворожсталь" деген ири метталлургиялык ишкананын приватташтыруусу мыйзамсыз болгон деп жарыялады. Андан мурдараак болсо өкмөт башчы Юлия Тимошенко өлкөнүн дөө-шаа ишканалары экс- президент Леонид Кучманын жакындары менен тааныштарына арзан баага сатылып кеткенин белгилеп, жаңы ээлер сатып алган ишканалардын базар баасын төлөөгө же ишканаларды кайра мамлекетке кайтарып берүүгө мажбурлана турганын билдирген.

16-февралда өлкөнүн баш прокуратурасы 3000ден ашык ишкананын приватташтыруусу боюнча кылмыш ишин козгоп, алардын тизмесин өкмөткө өткөрүп берди. Өлкөнүн экономика министри Сергей Терехин тизмеде көрсөтүлгөн ишкананын ар бири боюнча өзүнчө аудит өткөрүлүп, иш сотто өз-өзүнчө териштирилип, жыйынтык чыгарыларын билдирди.

- Эгерде анын жыйынтыгында приватташтыруу мыйзам бузуулар менен өткөндүгү далилденсе, ишканалар өлкөнүн Конституциясынын 41-статьясына ылайык жаңы ээлеринен тартып алынып, мамлекеттин менчигине өткөрүлөт,- деди Терехин бейшемби күнкү билдирүүсүндө.

Евроатлантика Кызматташтыгы Институтунун аналитиги Володымыр Хорбах мындай чаралар менен жаңы өкмөт мурдагы өкмөттүн учурунда орун алган мыйзамсыздык менен адилетсиздикти жойууга чечкиндүү кадам таштап жатканын айтат.

- Жаңы бийлик украин эли көксөгөн мыйзамдуулук менен адилеттүүлүктү калыбына келтирүүнү караштырып жатaт. Украинанын көптөгөн компаниялары адилетсиз, будамайлоо жолу менен приватташтырылган. Тоорукка аларды сатып алууну каалагандардын баары эле катыштырыган эмес. Ошон үчүн украин коомчулугунда өкмөттүн мындай чаралары кубаттоо менен каршы алынууда,- дейт серепчи.

Өлкөнүн алп ишканаларынын бири болгон "Криворожсталь" металлургиялык комбинатынын приваташтыруусу соттук териштирүүгө биринчи болуп алынды. Украин жетекчилигинин айтымында, рыноктук баасы 3 миллиард доллардан кем эмес ишкана болгону 800 миллион долларга сатылып кеткен. Ишкананын акцияларынын ири бөлүгүн Кучманын күйөө баласы Виктор Пинчук сатып алган.

- Ишкана үчүн алда канча көп акча төлөй ала турган кардарлардын сунушу этибарга алынган эмес. Ишкананы арзан саткандан өкмөттүн жогорку тепкичиндеги чиновниктер кол жалаган,- дейт Юлия Тимошенконун өкмөтү.

Айрым байкоочулар Украинадагы приватташтырууну кайра карап чыгуу процесси чет элдик, анын катарында, орусиялык инвесторлорду бейпайга салып жатканын айтышат.

Москвада жайгашкан Эл Аралык Мамилелер Институтунун кызматкери Кирилл Коктыш ору инвесторлоруна кыйын болот деген ойдо:

- Менин оюмча Украина өлкөнүн ишканаларына инвестиция жасаган орус инвестолору үчүн чоң баш оору болуп калышы мүмкүн. Алар учурунда Кучманын өкмөтүнүн кепилдиги менен инвестиция жасаган.

Коктыш бул жерден тагдыры кылдын учунда турган "Криворожсталга" инвестиция жасаган бизнесмендердин акыбалына өзгөчө басым жасайт. Ошону менен катар эле ал азыркы президентти колдогон инвесторлор үчүн Юшенконун өкмөтү коркунуч жаратпай турганын белгилеп, приватташтырууну кайра карап чыгуунун натыйжасында ири өзгөрүүлөр орун албастан, болгону инвесторлордун бир тобу башка инвесторлор менен алмыштырылуусу мүмкүн деп божомолдойт.

Ошону менен бирге эле ал жаңы өкмөттүн мындай популисттик кадамдары өлкөдөгү акыбалды бейстабилдештире турганын белгилейт.
"Криворожсталдын" тагдыры азырынча толук чечиле элек. Бирок Украинанын экономика министри Сергей Терехин бейшемби күнү журналисттерге берген маалыматында:

- Эң жакшысы- ишкананы мамлекеттин колунда калтыруу. Анын менежерлери дурус. Комбинаттын продукциясына болгон коньунктура болсо жакшырып баратат,- деп билдирген.

XS
SM
MD
LG