Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:00

БИШКЕКТЕ АДИЛЕТ ШАЙЛООНУ, БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИН ТАЛАП КЫЛГАН МИТИНГ ӨТТҮ


19-февралда Бишкектеги Максим Горькийдин эстелигинин алдында митинг болду. Эки жүздөн ашуун адам катышкан иш чарада адилет шайлоону камсыздоо, басма сөз эркиндигин коргоп калуу чакырыктары айтылды. Митингдин соңунда билдирүү кабыл алынды.

“Адилет жана эркин шайлоо үчүн” атуулдук тилектештик бирикмеси уюштурган митинг түшкү саат 12де башталып, бир сааттан ашык убакытка созулду. Милиция кызматкерлери эртең мененден тартып эле митинг боло турган жерге байкоо салып турушту.

Бишкек шаардык милициясынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев ишембидеги митингдин мыйзам чегинде өтүп жатканын билдирди:

- Анан уруксат берилген жер болгондон кийин, мыйзам бузулбагандан кийин - мына жакшынакай өткөрүп жатышат.

Митинг башталаар алдында ага жаштардын “Келкел” уюмунун активисттери саргыч түстөгү байрактарын, ураандар жазылган плакаттарын көтөрүп келип кошулду:

- Биз митингиге чыккандарга салам жолдойбуз. Тынчтык жол менен каршылык көрсөтүүчү “Келкел” өнөктүгүнүн катышуучулары сиздер менен. Сиздер менен тилектешпиз!.

Митингдин алып баруучусу, “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын президентинин орун басары Михаил Корсунский “Келкелдин” лидерлеринин бири Алишер Мамасалиевге сөз берди. Ал адилет шайлоону, “МСН” гезитин коргоп калууга Кыргызстан атуулдардын чакырды.

Таластын Карабуура районуна келген активист да “МСН” гезитин коргоп сөз сүйлөдү:

- Президент Акаев “МСН” гезитин сотко берип жатат дегенди угуп, биз чын жүрөктөн аябай кейидик. Мага гезиттин редакциясына барып, кандай жардам керектигин тактап келүүнү Карабуурадан тапшырышты.

Ал эми Жалалабад облусунун Аксы районуна келген активист Жаныш Курбанов сөзүндө буларга токтолду:

- Азыркы бийлик арак, акча менен сатып алгысы келип жатат. Арак эртең түгөйт, акча бүрсүгүнү жок болот. Ал эми чыныгы депутаттардын чыгарган чечими, мыйзамы бизди түбөлүк коргойт. Ошондуктан биз чыныгы депутаттар үчүн күрөшөбүз.

Бишкек шаарынын тургуну, учурда жумушсуз жүргөн Рахман Садырбаев митингге кокусунан келгенин айтуу менен “МСН” гезитин жабууга жол берилбеш керек деди:

- Жалгыз көз карандысыз “МСН” гезитин Акаев жабам деп чечиптир. Ал гезит чындыкты айтуусу менен ага жолтоо болуп аткан окшойт. Эгерде “МСН” жабылса биздин өлкөдө эмне болуп жатканын билбей калабыз. Өкмөтчүл, анын күйөө бала, балдарынын маалымат каражаттары өздөрүнөн башка эч нерсени көрсөтпөйт. Биз биригип гезитти коргоп калалы.

Максим Горькийдин эстелигинин алдындагы митингге Кыргызстан элдик кыймылынын лидерлери Ишенгүл Болжурова, Жыпар Жекшеев, Виктор Черноморец, Топчубек Тургуналиев жана Замира Сыдыкова катышты.

Митингдин соңунда билдирүү кабыл алынды. Анда “МСН” гезитин жабуу - бийликти кандай болбосун кармап калуу максатында жасала турган репрессиялык иштердин бири катары бааланган. Билдирүүнү Замира Сыдыкова окуп берди:

- Биз президенттин үйбүлөсү кайсы каражатка жашап, кайсы акчага заңгыраган квартиларды сатып алып жатканы, президенттин жубайы курган хансарайга канча акча жумшалганы боюнча президенттин отчет беришин талап кылабыз. Президент өз абийирин өзү дайындаган сот аркылуу менен эмес, мына ушундай отчет менен сактап кала алат. Биз президенттин үйбүлөсүнө канча ишкана тийиштүү экенин санап отурайбыз, бирок анын үйбүлөсү ири өнөр жай тармактарын, ири каржылык (финансылык) компанияларды жана бизнестик структураларды толук көзөмөлдөп турганына ишенебиз.

Андан кийин митингдин катышуучулары президенттен ачык баяндама (отчет) талап кылган билдирүүгө кол коюп, тынч тарап кетишти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG