Башкы ассамблеянын укук комитетинин атынан жарыяланган билдирүүдө клондоштуруунун бардык түрүнө тыйылгы салуу сунуш кылынат. Талкуу учурунда документ комитет мүчөлөрү арасында буркан-шаркан талаштарды чыгарды. Оппоненттер айрым илдеттерге каршы күрөштө клондоштуруунун чоң мааниси бар экенин айтышып, анын кээ бир түрлөрүнө тыюу салганга каршы чыгышты.