Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

АКШнын мурдагы эки президенти Таиландга келишти

Билл Клинтон менен чоң Жорж Буш былтыр топон суу каптаган түштүк-чыгыш Азиядагы өлкөлөрдү кыдырып чыгышат. Алардан азыркы президент Жорж Буш табыгый кырсыктан жабыркагандарга жардамдашуу үчүн каражат чогултуу ишине баш-көз болуп берүүнү өтүнгөн эле. Таиландга келип түшкөн соң Билл Клинтон былтыркы касирет көп кишинин жүрөгүн козгогонун, жердин башка бетинде жашаса да алар акча жөнөтүп, каралашып жатканын, мындай соопкерчиликке көмөктөшүү – адамгерчиликтүү иш болорун белгиледи. Таиланддын өзүндө ташкын-топондон беш миң киши апат болду. Баары болуп региондогу он өлкөдө табыйгый кырсыктан 250 миңге чукул адамдын өмүрү кыйылды.
XS
SM
MD
LG