Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:57

Нарында үйдө гана отуруш керек

НАРЫН. Нарын облусунун аймагында атуулдардын жүрүш, митинг жана демонстрацияларды өткөрүүсүнө мораторий жарыяланды. Мындай мораторий тууралуу токтом депутаттардын Нарын облкеңешинин 19-февралда өткөн кезектеги 26-сессиясында кабыл алынды. Облустук кеңештин сессиясында мындан сырткары коомдук жайларда чатыр, боз үй тигүүгө тыюу салынып, коомдук тартипти камсыздоо жергиликтүү бийликтегилерге тапшырылды. Иш-чараларды менчик түрүнө карабастан баардык мекемелердин кызматкерлери жана жарандардын аткаруусун камсыздоого ички иштер башкармалыгы милдеттүү болду. Мындай токтомду кабыл алууга депутаттар бир добуштан макулдук беришти.
XS
SM
MD
LG