Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:45

Португалияда парламенттик шайлоодо оппозиция жеңишти колго алгандай


Португалияда парламентке шайлоонун алгачкы жыйынтыктарына ылайык, шайлоодо оппозициялык Социалисттик партия жеңишти колго алган өңдүү. Шайлоо чөлкөмдөрүндө жүргөн сурамжылоонун жыйыктыктары көрсөткөндөй, социалисттер жалпы добуштардын 50%дан ашуунун ээлеши мүмкүн. Партиянын лидери Жозе Сократес азыртадан эле өлкөнүн оор абалдагы экономикасын жандантуу үчүн олуттуу реформаларды өткөрө тургандыгын айта баштады.Бул шайлоо мөөнөтүнөн мурда эле өткөрүлдү. Анткени өлкөнүн премьер-министри Педро Сантана Лопестин башчылыгында турган парламенттеги оңчул коалициядагы абал татаалдашып кеткен. Өкмөт башчы Сантана Лопес бул кызматка келгенине болгону 7 ай эле болгон.

Төрөкул ДООРОВ, Прага

XS
SM
MD
LG