Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Ж.Буш менен В.Ющенко Брюсселде жолугушат

Украина президенти Брюсселге үч күндүк сапарга келет. Максат – Европа Биримдигин Украинаны мүчөлүккө алууга көндүрүү. Буга чейин Франс-пресс маалымат агенттигине берген маегинде Ющенко “Азырынча Украинанын мүчөлүгү тууралуу сүйлөшүүлөрдү качан баштоо керектигин макулдашыш керек” деп билдирген эле. Украина бул жаатта сүйлөшүүлөрдү 2007-жылдан баштоого кызыкдар.

Анын аралыгында, АКШнын президенти Жорж Буш да бүгүн Европага 5 күндүк сапарын баштады. Ал баштап, трансатлантикалык мамилелерди жактыртуу үчүн Брюсселде сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. АКШ президенти Брюсселде Украин президенти менен да сүйлөшөөрү күтүлөт.
XS
SM
MD
LG