Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Кипрде парламенттик шайлоо өттү


Кипрдин Түркия тараптагы бөлүгүндө жекшембиде парламентке шайлоо өттү. Ага катышкандардын саны 80%дан ашты. Парламенттеги орундар үчүн мурдагы премьер-министр Махмет Али Талат башында турган республикалык партия менен национал партиясы ат салышты.
Алдын ала айтылып жаткан жыйынтыктарга боюнча, Бириккен улуттар уюмунун Кипрди бириктирүү планын колдогон Талаттын партиясы алдыда келатат. Добуштардын үчтөн бири саналып бүткөн чактагы божомолдор боюнча 50 орундуу парламенттин 26 орунун дал ушул Талаттын партиясы ээлеши мүмкүн. Ал эми Национал партиясы БУУнун аралды бириктирүү планына каршылык билдирген. Арал 1974-жылы грекиялык жана түркиялык эки тарапка бөлүнүп кеткен эле.

XS
SM
MD
LG