Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

Нарын райондук прокуратурасына кат жолдонду


НАРЫН. Бул катты Нарын аймактык шайлоо округу жөнөткөнүн 21-февралда округдук шайлоо комиссиясынын төрайымы Гүлзат Абдрасулова билдирди. Анткени 8-февралда “талапкер Майрамбек Жумабеков мени сабап, эки тишимди сындырды” деп Асанбек Эркинбаев деген адам арыз жазган. Ал эми талапкер Майрамбек Жумабековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Бакай Мишарапов мындай арыздын негизсиз экендигин билдирип, каршы арыз менен кайрылган. Арыздардын негизинде округдук шайлоо комиссиясынын отуруму 14-февралда өткөрүлүп, анда №15 токтом менен Кыргыз Республикасынын шайлоо кодексинин 30-статьясынын 6-пунктун бузгандыгы үчүн талапкер Майрамбек Жумабековго эскертүү берилген. Бирок Асанбек Эркинбаев бул токтом менен макул болгон эмес. Гүлзат Абдрасулова билдиргенге караганда, округдук комиссия иштин мыйзамдуулугун териштирип берүүнү өтүнүп 21-февралда прокуратурага кайрылды.

XS
SM
MD
LG