ЖАЛАЛАБАД. №27 Сузак, Базаркоргон аймагынан депутаттыкка талапкер Азамжан Мырсалиевдин кандидаттыгын калыбына келтирүүнү талап кылган базаркоргондук шайлоочулар колдоруна ондогон плакаттарды кармап турушту. Алар 19-февралдагы отурумунда күчүндө калтырган Жогорку соттун чечимине нааразылыгын билдиришип, сот жана облустук бийлик башчылары элдин алдына келмейин акцияны уланта берээрин жарыя кылышты. Митингге эки райондон жүз элүүдөн ашык адам катышты.