Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Кочкордо бир талапкер шайлоодон четтетилди


НАРЫН. №34-Кочкор шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутаттыкка ат салышып жаткан 9 талапкердин бири Байтереков Курманбек Кочкор райондук сотунун чечими менен талапкердиктен четтетилди. Мындай маалыматты 21-февралда Кочкордон укук коргоочу Качкын Булатов билдирди. Анын айтымында, бир топ адамдар талапкер Курманбек Байтереков көп суммадагы акча менен добуштарды сатып алып жатат деп талапкер Акылбек Жапаровго кайрылышкан. Айрым маалыматтарга караганда, Курманбек Байтереков Акылбек Жапаровдун өзүн да жаман сөздөр менен тилдеген. Андан соң Акылбек Жапаров Кочкор райондук сотуна кайрылган. Сот ал фактылардын негизинде талапкер Курманбек Байтерековдун мыйзам бузган деп таап, талапкерлигин алып салды. Бирок Курманбек Байтерековдун үч жүзгө чукул тарапкерлери митингге чыгышып, Кочкордун борбордук жолун бууп, сот имаратынын терезесин талкалашкан.

XS
SM
MD
LG