БИШКЕК. “МСН” эркин гезитинен колуңду тарт”. Мындай мазмундагы кайрылууну өлкөдөгү бир катар коомдук, бейөкмөт уюмдары жана саясий партия өкүлдөрү 21-февралда мамлекет башчы Аскар Акаевге жолдошту. Кайрылууда соңку бир нече жылдан бери Кыргызстандагы көпчүлүк маалымат каражаттары мамлекет башчы Аскар Акаев жана анын үй-бүлөө мүчөлөрү тарабынан менчиктештирилип алгандыгы айтылган. Ошондой эле кайрылууда Аскар Акаевдин «МСН» гезитин сотко берем деп жарыялашы президенттик, парламенттик шайлоо алдында өлкөдөгү бирин-экин эркин маалымат каражаттарына чабуул катары бааланган. Мындай кайрылууга «Адам укуктары жана эркиндиктери институту», «Кылым шамы» бейөкмөт уюму, «Келкел» жаштар уюму, «Арнамыс» партиясы жана башка бейөкмөт уюмдар жана 40 жакын саясатчы кол коюшкан.