Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:21

Бейрутта миңдеген адам катышкан жыйын өттү


БЕЙРУТ. Бүгүн Бейрутта миңдеген ливандыктар көчөгө чыгып, Сирияга каршы нааразылык акциясын өткөрүштү. Мындан бир апта мурда өлкөнүн мурдагы премьер-министр Рафик Харири жардыруудан каза тапкан болчу. Харири көзү тирүүсүндө Сириянын аскер күчтөрүнүн Ливанда жайгашуусуна каршы болуп келген эле. Ошондон улам аны өлтүрүүгө Сириянын катышы болушу ыктымал деген божомол бар. Бүгүн Бейрутта нааразылык акциясын өткөргөн ливан оппозициясы дагы Сириянын аскер күчтөрүн өлкөдөн чыгып кетүүнү жана мамлекеттин ички ишине кийлигишпөөнү талап кылышты. Ал арада Сириянын президенти Башар аль-Ассад Ливандагы аскерлерди жакын арада алып кетүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу президент аль-Ассад менен сүйлөшүү өткөргөндөн кийин бүгүн Арап мамлекеттери лигасынын баш катчысы Амр Моусса билдирди.

XS
SM
MD
LG