Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Басмакана электр кубатысыз калды


БИШКЕК. 22-февралда эртең мененден баштап Бишкектеги көз карандысыз Басма үйүнө электр кубатын берүү токтотулду. Бул тууралуу басмакананын башкы директору Андрей Миясаров билдирди. Анын айтымында, электр кубатынын берилбей калганына байланыштуу 15 басылма жарык көрбөй калды. “Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин жооптуу кызматкерлери ойдон чыгарылган себептерге байланыштуу тийиштүү кагаздарга кол койбой, анын натыйжасында биздин жаңы трансформаторго электр кубаты берилбей жатат. Бул шайлоо алдында маалымат каражаттарынын чыкпай калышы үчүн атайын ойлонулуп жасалган акция”, деп белгиледи Миясаров. Ал бул маселени Басмаканын директорлор кеңешинин мүчөсү, президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков менен чечүүгө аракет жасап жатканын билдирди. Президенттик администрациянын басма сөз кызматы бул маселе боюнча маалымат бере албастыгын айтты.

XS
SM
MD
LG