Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Бөлтүрүков АКШдан башпаанек сурады


БИШКЕК. Ысыккөл облусундагы №71 Түп шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер болгон Өмүрбек Бөлтүрүков Америка Кошмо Штаттарына өзү жана үй-бүлөсү үчүн саясий башпаанек сурады. Бул тууралуу 22-февралда Өмүрбек Бөлтүрүков “Азаттыкка” мындай деди:

Жогорку сот менин доо арызымды канааттандырбагандыктан Америка Кошмо Штаттарынан өзүмө жана үй-бүлөмө саясий башпаанек сурап арыз менен кайрылдым. Себеби,окуп жаткан балдарыма чоң зыян келтирилип, окуудан чыгарылып, кысым болгон. Ошондуктан, үй-бүлөм кете берсе өзүм президентик шайлоого катышып, акыр-аягына чейин кармашам.

Бөлтүрүков 2000-жылы президенттикке талапкерлигин көрсөткөн, бирок шайлоого катышкан эмес. Быйыл депутаттыкка талапкер болуп, бирок депутаттын шайлоо фондусун түзбөгөндүгү үчүн 12-февралда өнөктүктөн чыгарылган. Округдук комиссияны сотко берген арызын Түп райондук соту 18-февралда, Жогорку сот 22-февралда канааттандырган эмес.

XS
SM
MD
LG