Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Башкы прокуратура шайлоо кампаниясына ыраазы


БИШКЕК. 27-февралда боло турган парламенттик шайлоого даярдыктар мыйзам чегинде жүрүп жатат. Мындай баасын 22-февралда өткөн маалымат жыйынында Башкы прокурордун орун басары Учкун Каримов билдирди. Анын айтуусу боюнча, Башкы прокуратурага шайлоого байланыштуу жүзгө жакын арыз түштү. Алардын 50дөн ашыгы шайлоочулардын тизмеси боюнча болуп, бир округда 544 адам эки жолу катталгандыгы аныкталды. Прокуратура алар боюнча тиешелүү чара көрүп, жооп берди. «Шайлоо мыйзамдарын одоно бузуу боюнча арыздар түшкөн жок»,-дейт Учкун Каримов. Анын пикиринде талапкерлердин ортосундагы талаш-тартыштарды сот чечүүгө милдеттүү.

XS
SM
MD
LG