Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

ИРАНДА ЗИЛЗАЛАДАН 270тен АШЫК КИШИ КУРМАН БОЛДУ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 22-февралда эртең менен Ирандын түштүк-чыгыш чөлкөмүндө күчү Рихтер өлчөө системасы боюнча 6,4 баллга жеткен жер титирөө болуп, андан 270тен ашык киши курман болду. Дагы жарым миңден ашык киши жараат алды. Зилзаладан Керман провинциясындагы Заранд деген шаар айрыкча катуу жабыр тартты. Кабар агенттиктери шаардын айланасындагы бир нече кыштак дээрлик толук кыйрап калганын маалымдашат.

Эртең мененки саат алтыга беш мүнөт калганда Ирандын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү Заранд шаарынын жана анын айланасындагы кыштактардын тургундары жердин катуу силкингенинен чочуп, эшикти көздөй умтулушту.

Түнкү уйкудан жаңыдан ойгонуп жаткан шаар бир заматтын ичинде кыйсыпыр түшүп, ач-кыйкырыкка толду. Саман аралаш топодон салынган сандаган үйлөр жердин силкингенине туруштук бералбай, кыйрап калды. Багымдат намазы окулуп жатканда болгон жер силкинүүдөн мечиттер кыйрап, алардын урандыларында ондогон адамдар тирүүлөй көмүлүп калгандыгы кабарланат.

Ырасмий билдирүүлөр боюнча, зилзаладан 270тен ашык киши курман болду. Бирок айрым булактар жер титирөө 400дөн ашык адамдын өмүрүн алып кетип, 5000ден ашык кишини жарадар кылганын, миңдеген тургундарды үй-жайсыз калтырганын айтып жатышат. Иран телекөрсөтүүсү үйлөрдүн урандыларында дагы көптөгөн кишилердин сөөктөрү калып жатканын божомолдойт. Ушундан улам Ирандын Кызыл Чырым уюмунун өкүлү Бижан Дафдаринин өлгөндөрдүн саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин баяндайт:

- Жер титирөөгө дуушар болгон аймак анча чоң эмес, анда кеминде 25 миң киши жашайт жана силкинүүдөн баардык эле жер бирдей жабыркаган жок. Бирок кандай болбосун, өлгөндөрүн саны көбөйүшү мүмкүн.

Зилзала келтирген чыгашанын көлөмү жөнүндө азырынча маалымдалбайт. Жердин силкинүүсү региондун ири шаарларында дагы сезилген, бирок бийликтер чоң калааларга жер титирөөнүн залакасы тийбегенин айтышат.

Ал эми Заранд шаарынын айланасындагы кыштактарда үйлөрдүн басымдуу бөлүгү жер менен жексен болуп кыйрап калды. Жер титирөөдөн кийин ал жерде дагы күчү чабалыраак он бештей жолу силкинүү болгондугу кабарланат.

- Керманда дагы бир нече алсыз силкинүү болду. Бамдан кийин жүрөгү түшүп калган тургундар үйлөрүнө кирбей дагы бир топко сыртта турушту,- дейт Кермандын бир тургуну.

Керман провинциясынын жергиликтүү акимчилигинин өкүлү Али Комсари 820 тургуну бар Дахуе деген кыштак толугу менен кыйрап калганын айтат. Заранд шаарынын акими Жавад Рашадинин айтымында, шаардын айланасындагы кыштактарда үйлөрдүн 90 проценти урап калды.

Зилзала болгон жерлерге куткаруучулар менен гумжардам жөнөтүлдү. Кызыл Чырымдын өкүлү Бижан Дафдари минтет:

- Заран менен анын айланасындагы кыштактарга куткаруучулардан турган кырктай топ жиберилди. Куткаруучулардын бир тобу ошондой эле Хормозган, Язд, Исфахан, Ком жана Захерден деген жерлерден жөнөтүлдү. Чөлкөмгө гумжардам жиберүү үчүн азыр үч учакты даярдап жатабыз.

Зилзаладан жер көчүп, жолдор талкаланып калгандыктан айрым алыскы кыштактарга жетүү кыйын болуп жатат. Керман провинциясы - катуу жер титирөө болгон Бам шаары жайгашкан чөлкөмдө. 2003-жылдын декабрь айында болгон катуу силкинүүдөн байыркы Бам шаары жер менен жексен болуп талкаланган эле. Анда 30 миңден ашык киши курман болуп, шаардын дээрлик баардык тургундары талаада калышкан. Ошондо там-ташынан ажырап калган миңдеген адамдар азыр да кыштын суугунда жаш балдары менен чатырларда күн көрүп жатышат.

Ройтердин маалыматына караганда, сейсмикалык жактан абдан активдүү чөлкөмдө жайгашкан Иранда 70- жылдардан бери эле жер титирөлөрдөн 90 миңден ашык киши курман болду.

Эксперттер жер титирөө келтирген мындай өлчөөсүз чыгашанын себебин, эң оболу, өлкө калкынын кедейлиги менен түшүндүрүшөт. Калктын басымдуу бөлүгүнүн колунда жок болгондуктан, үйлөрүн колдо болгон эң арзан материалдан - топо менен самандан салышат. Андай материал арзан гана болбостон, кышта жылуулукту сактап, жайында мээ кайнаткан ысыктан калкалайт. Эсперттер ошондой эле Ирандын элет жеринде турак жай куруунун эрежелери этибарга алынбай келатканын айтышат.

XS
SM
MD
LG