Ирак согушуна байланыштуу солгундап кеткен Европа менен Кошмо Штаттарынын алакасын жакшыртууну көздөгөн Жорж Буш бир эле мезгилде өз администрациясынын күн тартибиндеги урунттуу маселелер боюнча НАТОдогу жана Европадагы өнөктөштөрүн ыкка келтирүүгө далалат жасап жатат. Бул аракеттен канчалык жыйынтык болоорун айтуу али эрте.
Буш Ирак армиясын машыктырууга НАТО өлкөлөрүнүн жең түрүнө катышуусун каалар эле. Айткандай эле, Жорж Буш катышкан бүгүнкү самиттен кийин НАТОнун жетекчиси альянстын бардык 26 өлкөсү Ирактын куралдуу күчтөрүн машыктырууга чогуу-чараң жардам берип жатат деп билдирди.
Ошол эле убакта Ирак согушун туура көрбөгөн Франция, Германия жана дагы бир катар өлкөлөр Иракка машыктыруучу офицерлерин жиберишпейт. Алар жардамын Ирактан тышкары жактагы машыктыруу же окутууну каржылоо менен чектелишүүдө.
Самиттин алдында Буш Европадагы эң жакын өнөктөшү Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэр менен жолугушту. Кийин Блэр эларалык коомчулукта акыркы жылдары кандай араздашуулар болбосун, азыр келечекке эриш-аркак кадам таштоого реалдуу шарт түзүлүп жатат деди.
Шейшембиде Буш мындан тышкары Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони жана ушул күндөрү Брюсселге келген Украин президенти Виктор Ющенко менен да сүйлөшүү жүргүздү.
Америка менен Европанын түбү бир болгон менен, эки ортодо көп айырмачылыктар бар. Эгер бул нааразылыктарды жымсалдап, европалыктарды өз бооруна тартаары чын болсо, Жорж Буш эски континентте алабармандык кылбай, дипломатиялык таланттарын колдонууга аргасыз.
Айткандай эле, кечээ ал мындай айырмачылыктарды бетке айтып, Америка менен ачык тирешип келаткандардын бири болгон Франциянын президенти Жак Ширак менен түштөндү. Экөөнүн бир-бирин далыга таптап, тамашалашып отурганын көргөндөр буларды шилекей алмашкан эски достор деп ойлошу мүмкүн эле. Бирок байкоочулар белгилешкендей, Буш менен Ширактын жолугушуусун мазмуну боюнча эмес, тажрыйбалуу саясий ишкерлердин сыпайычылдыгы менен баалаган туура.
Буш өзү белгилегендей, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык, Ливан, Иран, кедей-кембагалдарды тоюндуруу, дары-дармектердин таркатылышы сыяктуу ортодо көп маселер бар. Трансатлантикалык тандемдин эки тарабынын тең түпкү максаты жалпы жонунан бир болгону менен, ал максаттарга жетүүнүн жол-жобосу боюнча пикир келишпестиктер бир жолку түшкү сый тамакта чечилип калбай турганы анык.
Эртең Буш Гермянияга барып, канцлер Герхард Шрөдер менен жолугат, ал эми бейшембиде Братиславада Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү өткөргөнү жатат.