Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:35

1937-ЖЫЛДЫН ЫЗГААРЫ, «МСН» ГЕЗИТИ


Президент А.Акаевдин «МСН» гезитин сотко берүү тууралуу билдирүүсү аркыл пикирлерди жараткан талашка айланууда. Мамлекет башчысынын калкка кайрылуусун жактагандардын, аны сөз эркиндигин кысымга алуу катары баалагандардын пикирлерине кеңири орун берилген.

«Атамекенибиз, Ажобуз биз үчүн кымбат!» деген аталышта шейшембидеги «Эркинтоо» гезити көп пикирлерге орун берди.

«Атаңкөрү, бири кем дүнүйө, дегендей, Ажоң деле алсыз тура, агерде ууланткан ушак ашынып кетсе. А бирак, алыска барбайлы, алтынга чөгөрүп айкелин көзү барда курдурган Сапармурад Түркмөнбашыны коелук, Ислам Каримов Өзбекбашы да эч качан мындай алсыз абалда калып, акыйкаттык үчүн элине кайрылып, жабыркап жардам сурабайт эле», деп жазат М.Арыпбек деген автор.

«Мен эч кимге көз каранды эмесмин, ак үй, көк үй, тем более оппозициячылдарга. Сөөгүм кыргыз болгону менен, этим орус, Россиянын туруктуу атуулумун», дейт макала автору.

Башмыйзам, Конституциябызда ар бир пенденин укугу корголуп турат. «Президенттин балдары саясат майданында ат салышпайт. Түз айтканда, депутаттыкка талапкерликке чыкпайт!» деген статья жок! Мейли күн, мейли түн чырак менен изде, изи жок», деп жазат А.Макешова деген автор.

«МСН» гезитин президент А.Акаевдин сотко бериши туура деп колдогон пикирлер топтомуна шейшемби күнкү «Кыргыз туусу» гезити да кеңири орун берген.

Парламенттик шайлоого мурдагы элчилерди катыштырбай коюу амалы мындан 7 жыл мурда жасалганын шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити маалымдады. Журналист К.Мамбетовдун жазганына караганда, дипломаттарды шайлоого катыштырбаган мыйзамдык норманын кабыл алынышына президент А.Акаев менен БШК төрагасы С.Иманбаев гана каршы чыгып, көпчүлүккө салганда депутаттар кол көтөрүп коюшкан. А.Акаевдин ырасташынча, эми жаңы парламент мыйзамды өгөртүшү керек.

Чиновниктер Шайлоо кодексин одоно бузушуп, калктын аялуу катмарын каалагандай кысымга алып жатышканын БШК төрагасына жазган ачык катында Эднан Карабаев маалымдады. “Дарыгерлерден тарта постто турган милиция кызматкерлерине чейин, жадесе мектептин башталгыч класс окуучуларына чейин «Алга, Кыргызстан!» партия өкүлү үчүн добуш берүүнү элден талап кылып жатышы эларалык уюмдардын тынчын алууда”, дейт Э.Карабаев.

Бишкек шаар кеңешине депутаттыкка өткөндөрдүн биртобу кайрадан шайлоо жарышына түшүп, Жогорку Кеңешке талпынып калышканы Г.Жалкубаевдин «Абыдан кааласа эмнеликтен болбосун» деген макаласында баяндалат. Көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы балдар ойночу жерлерди актап-сырдап берүү убадасын бергендер ишин аягына чыгарып койдубу, деп суроо коет макала автору.

Мамлекеттик катчы О.Ибраимов өзү жетектеп улуттук телекөрсөтүү аркылуу кыргыз элин кемсинтет деп «МСН» гезитин сындаган көрсөтүүсүнө Рина Приживойт «2200-бү же 1937-би?» деген макаласында токтолгон. “Эгемен өлкөнүн президентине каршы сөз айткан эркин басылманы ээси-көөнүнөн кеткис кылып жазалоонун мындан башка да толгон-токой ыкмалары бар. МГУну бүткөн бир африкалык президент көп ойлонуп отурбай саясий атаандаштарын тирүүлөй эле жеп салчу экен”, деп жазат Р.Приживойт.

Бишкекте «МСН» гезитин колдогондордун пикети өткөнү Александра Черныхтын репортажында баяндалган. Ага катышкандар тарабынан таратылган билдирүүдө, президенттин үй-бүлөсүнө тиешелүү менчикти эч ким так билбестиги айтылат.

«Анткен менен үй-бүлө ири өнөр жай өндүрүшү жана финансы компаниялары менен бизнес түзүмдөрдү толук көзөмөлгө алган. Президенттин уулу Айдар финансы министринин кеңешчиси, кызы Саадат Венада (Австрия) Кумтөр алтынын эларалык базарга алып чыгып саткан компанияда иштейт. Биз президенттен анын үй-бүлөсү кандай каражаттын эсебинен бардар жашап жатышын, Бишкектен сатып алып аткан кымбатбаа үйлөрдүн чоо-жайын, жубайы курдуруп аткан кансарайдын баасынын так эсебин беришин талап кылабыз», деп жазышат пикет катышуучулары.
XS
SM
MD
LG