Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Ата мекенди коргоочулар күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү


БИШКЕК. 23-февралда Бишкектин түштүк дарбазасы тарабындагы “Жоокерлер каармандыгы” монументинде Атамекенди коргоочулар күнүнө арналган митинг болуп өттү. Ага премьер- министр Николай Танаев, Коргоо министри Эсен Топоев катышты. Өкмөт башчы Николай Танаев кыргыз жоокерлеринин мекенин коргоодогу эрдиги дүйнө коомчулугуна Баткен коогалаңында таанылгандыгын билдирди. Ушул эле күнү Бишкектеги Жеңиш аянтында Улуу ата мекендик согуштун жана Ооган согушунун ардагерлеринин катышуусунда эскерүү митинги болуп өттү. Өкмөт башчы Танаев жеңиштин 60 жылдыгына карата жер-жерлерде эскерүү-эстафетасы өткөрүлөөрүн белгилеп, өтмө шамды жана желекти Токмок шаарына тапшырды. Эстафетаны 9-майда Бишкекте президент Аскар Акаев кабыл алат.

XS
SM
MD
LG