БИШКЕК. 23-февралда Ыссыккөл облусунун Тоң районунда нааразылык акция улантылды. Эртең мененден бери автоунаалар өткөрүлбөй, болгону жүргүнчүлөрдү ташыган автобустар жана журналисттердин унаалары гана өткөрүлүүдө. Нараазылык билдирип жаткан атуулдар Арслан Малиевдин Жогорку Кеңешке талапкерлигин кайрадан калыбына келтирилишин талап кылышууда. 21-февралда Арслан Малиев Тоң райондук сотунун чечими менен марадан четтетилген. «Демократ» гезитинин кабарчысы Алмазбек Аскербек уулунун билдиргенине караганда, туштөн кийин саат 5ке жакын акимчиликтин имаратына 2 миңге жакын адам кирип, алар тарабынан төрт талап коюлду. Арслан Малиевдин талапкерлиги калыбына келтирилсин, Тоң районунун акими Нурбек Алиев кызматынан кетсин, Тоң райондук сотунун төрайымы Светлана Касырбекова кызматынан кетсин деген талаптар коюлду Арслан Малиевдин тарапкерлери эгерде Жогорку сот акыйкат чечимин чыгарбаса, шайлоого байкот жарыялашаарын эскертишти. 23- февраль күнү кечинде Арслан Малиевдин жардамчысы Берди Алымкуловдон алынган маалыматка караганда, акимчиликтин имаратынын ичинде 700гө чукул адам отурат. Ал эми губернатор Токон Шайлиева билдиргенге караганда, акимчиликтин имаратын ээлегендердин саны 70ке чукул.